Жаңылыктар
09.12.2023 11:12
Кароолор: 1530
ЫСЫК-КӨЛДҮН ЖАЙЛООСУНДА КАР КҮРТКҮДӨН ЧЫГА АЛБАЙ КАЛГАН ТУРИСТТЕР КУТКАРЫЛДЫ
9-декабрь күнү, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя-Башарын жайлоосуна бара жаткан "Nissan Patrol" үлгүсүндөгү унаа кар күрткүгө тыгылып, өз алдынча чыга албай калган.
Маалыматка ылайык, унаада 5 адамдан турган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү Казакстан Республикасынын жарандары болгон. Алар "Каракол" лыжа базасына эс алуу үчүн келишкен.
Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 7-мобилдештирилген взводунун 4 куткаруучу, Ак-Суу райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 куткаруучусу тартылып, кар күткүдө калган үй-бүлөнү унаасы менен сүйрөп чыгарып беришкен.
Учурда туристтердин абалы канааттандырарлык. Аба-ырайы турукташканча Каракол шаарында калышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР