Жаңылыктар
02.09.2026 14:10
Кароолор: 50
ЫСЫК-КӨЛДҮН ТООЛУУ ЖАНА ТОО ЭТЕКТЕРИНДЕГИ АЙМАКТАРЫНДА СЕЛ ЖҮРҮШҮ КҮТҮЛӨТ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2026-жылдын 2-сентябрынан 5-сентябрына чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүү жана суу ташкыны коркунучу сакталарын эскертет.
Жарандардан коопсуздук чараларын сактоону, сай-салааларга, дарыялардын жана суулардын жээктерине жакын аймактарда болбоону, зарылчылык болбосо тоолуу аймактарга чыкпоону суранабыз.
Өзгөчө кырдаал катталган учурда 112 бирдиктүү шашылыш кызмат номерине кайрылыңыздар.
КР ӨКМ эскертет: коопсуздугуңуздарга кайдыгер карабаңыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР