Жаңылыктар

19.08.2024 06:30

   Кароолор: 274

ЫСЫК-КӨЛДҮН ТЕМИРОВКА АЙЫЛЫНДА СЕЛ КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮЛУУДА

Саат 06:30га карата Ысык-Көл районунун Темировка айылында болжол менен 100дөн ашуун турак үйлөрдүн короо жайларын каптаган. Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми түнкү саат 03:20га карата: Ысык-Көл районунда катталган селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иштерин жүргүзүүгө башкармалыктын башчысы, полковник Мирлан Карабаевдин жетекчилигинде жалпы 80 куткаруучу, 3 мотопомпа, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана Жарандык коргонуу кызматтарынан 40 адам, 2 экскаватор, 3 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 80 адам, “Чайна Роуд ” фирмасынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылган.

Жалпы 200 адам, 8 техника тартылган. Ошондой эле ӨКМдин КДМБдан подполковник Н.Мырзаевдин жетекчилигинде 100 куткаруучу 3 атайын техника менен жөнөтүлгөн.

Кошумча маалымат берилет.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу