Жаңылыктар
04.12.2024 13:16
Кароолор: 597
ЫСЫК-КӨЛДҮН АКВАТОРИЯСЫН ТАЗА САКТАЙЛЫ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматы Ысык-Көлдө балык уулоочу торлорду тазалоо боюнча ар күнү тазалоо иштерин жүргүзүп, түнү рейдге чыгышат. Бул жолу да тазалоо иштери көлдүн Түп районунда Күрмөнтү айылынан Кутурга айылына чейин тазалоо иштери жүрүп, соңку жума ичинде 6900 метр тор чыгарышты.
Учурда суучулдар 3 топко бөлүнүп, көлдү тазалоо иштерин жигердүү алып барууда.
Ар жылы октябрь, ноябрь, декабрь айлары балыктар урук чачууга ыңгайлуу жээктерге чыгышат. Көбүн эсе, тоо дарыяларынын куймаларын өрдөп урук чачышат. Бул айларда көлдүн акваториясы балык уулоочулардын торлорунан куру эмес экени баарыбызга маалым.
Бүл күндөр балыкты көптөп кармап, мыйзамсыз киреше табууга өтө ыңгайлуу. Ар түнү торлорду тынымсыз салуу көлдүн балыктарын тукум курут кылып, көлдүн экочөйрөсүнө терс таасирин тийгизүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР