Жаңылыктар
06.09.2023 10:44
Кароолор: 510
Ысык-Көлдү тазалоонун 142 күнүндө 13 тонна 561 кг таштанды чыгарылды
ӨКМге караштуу Суучулдар борборунун суучулдары көлдүн түбүн кезектеги тазалоону кызуу улантышты.
Сентябрь айынын алгачкы күндөрү Ысык-Көл районунун Чок-Тал, Тамчы, Кош-Көл айылдарында жайгашкан «Кооператор», “Учкун» мейманканасы, «Артек”, “Алтын-Тамчы”, “Жемчужина”, “Акылман», «Байсан”, “Голубая-Бухта” пансионаттарынын жана эс алуу жайларынын тушундагы көл түбүн тазалашты.
Иш-чаранын 142-күнү жалпысынан көлдүн 215 108, 35 гектар аянты тазаланып, 13 тонна 561 кг ар кандай таштанды жана 98 450 метр балык уулоочу торлор чыгарылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР