Жаңылыктар
26.08.2023 17:11
Кароолор: 1170
Ысык-Көлдү тазалоо иштери уланууда
Мамлекет башчысы С.Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары көлдү тазалоону жигердүү улантууда. Азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой, Чок-Тал айылындагы муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларына караган көл түбү тазаланууда.
26-августа 133 күн ичинде Ысык-Көлдүн 215 миң гектардан ашык аянт тазаланып, көл түбүнөн 98 миң метр балык уулоочу тор, 12 тонна 800 кг таштанды чыгарылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР