Жаңылыктар

27.03.2024 14:08

   Кароолор: 154

ЫСЫК-КӨЛДҮ ТАШТАНДЫЛАРДАН ТАЗАЛОО КАЙРАДАН БАШТАЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 26-мартынан тарта суучулдар Ысык-Көлдү таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо ишин башташты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ысык-Көлдүн Түп булуңундагы көлдүн аянтын тазалап, 26-март күнү кечке чейин 4100 метр балык уулоочу тор чыгарышты.

Суу астынан чыгарылган торлордун көбү жаңы экендигин көрүүгө болот. Бул мыйзамдын негизинде тыюу салынганына карабастан браконьерлик дагы да болсо уланып жатканын билдирет.

Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды, 218 100 метр балык уулоочу торду алып чыгышкан.

Эске салсак, 2023-жылдын 12-мартынан бери Президенттин Жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу