Жаңылыктар
28.09.2023 17:00
Кароолор: 718
Ысык-Көлдөн 18 891 кг таштанды, 107 050 м тор чыгарылды
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары 163 күндө Ысык-Көл түбүнүн 246 619, 41 гектарын тазалап, 18 891 кг ар кандай таштанды жана 107 050 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Соңку аптада Ысык-Көлдүн түштүк жээги тактап айтканда, буга чейин Тоң районунун Оттук, Кара-Шаардан Ак-Сай айылдарына чейин тазаланган.
26-сентябрда Тоң айылындагы «Тоң совхоз» жана «Кекилик» муниципалдык пляжына караган суунун түбүн тазалап, көлдүн экочөйрөсүнө зыян тийгизген таштандылардан жана торлордон арылтышты.
Жалпы 2023-жылдын 12-мартынан башталган иш-чара бүгүнкү күнгө чейин көл бетинин 246 619, 41 гектар аянтынан ар түрдүү таштандылардан тазаланды.
КРӨКМ ПРЕСС-БОРБОР