Жаңылыктар
04.04.2024 11:41
Кароолор: 678
ЫСЫК-КӨЛДӨН 18 400 МЕТР БАЛЫК УУЛООЧУ ТОР ЧЫГАРЫЛДЫ
ӨКМдин суучулдары бир нече күндөн бери Ысык-Көлдүн Түп, Николаев, Таза булуңдарын жана Прежевальск пристанынан Койсары айылына чейинки 22 542, 77 гектар суу аянтынан 18 400 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Эске салсак, Президенттин Жарлыгы менен Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши бир жыл мурун башталган.
Өткөн жылы суучулдар жалпы аянты 430 086,12 гектарды түзгөн суу астынан 22 545 кг таштанды тазалап, 218 100 метр балык уулоочу тор чыгарышкан.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР