Жаңылыктар
21.09.2023 11:45
Кароолор: 449
Ысык-Көлдөн 16 721 кг таштанды чыгарылды
Ысык-Көлдү тазалоонун 156-күнүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары көлдүн астынан 16 721 кг таштанды, 103 950 метр балык уулоочу тор чыгарышты.
Соңку апта ичинде Чолпон-Ата шаарындагы "Бакыт" жана "Голубой Иссык-Куль" пансионаттары эки жолу тазаланып, андан соң суучулдар көлдүн түштүк тарабындагы Тоң районунун Кара-Шаар, Кара-Талаа, Ак-Сай айылдарына караштуу көл астын тазалоого жетишти.
Жалпы 2023-жылдын 12-мартынан башталган иш-чара бүгүнкү күнгө чейин көл бетинен 246 283,5 гектар аянты ар түрдүү таштандылардан арылды.
Учурда Ысык-Көлдүн түштүк тарабын тазалоо иштери уланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР