Жаңылыктар
12.09.2024 16:59
Кароолор: 238
ЫСЫК-КӨЛДӨН 13 ТОННАДАН АШЫК ТАШТАНДЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
Мамлекет башчысы С.Жапаровдун Жарлыгынын негизинде ӨКМ суучулдары Ысык-Көлдү таштандылардан тазалоо иштерин жигердүү улантууда.
Былтыр, 2023-жылдын 12-мартында башталган тазалоо иштери көлдүн төрт тарабы боюнча тегерете толук тазаланган. Быйылкы жылы да тазалоо жумуштары колго алынып, 2024-жылдын башынан бери 13 550 кг таштанды, 32 700 метр балык уулоочу тор чыгарылган.
Суучулдардын баамында таштандылардын көлөмү быйылкы жылы өткөн мезгилге салыштырмалуу арбын экени байкалууда. Мындай көрүнүш тазалыкка үндөгөн эскертүү жана эрежелердин сакталбай жатышы жана эс алуучулардын көптүгү менен байланыштуу.
Ага карабай, учурда ӨКМдин суучулдары көл жээктерин ар кандай таштандылардан арылтууну улантып, муниципалдык жана жеке менчик эс алуу жайларындагы көлдүн түбүндөгү тор, калдыктарды жоюуда.
Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдү келечек муунга таза өткөрүп берүү ыйык милдет экенин унутпайлы!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР