Жаңылыктар

06.09.2025 17:52

   Кароолор: 280

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СУЛУУЛУККА СУУЧУЛДАР КҮБӨ БОЛУШТУ

Көлдө биочөйрөнү түзүүгө, анын флора-фаунасын жакшыртууга ӨКМдин Суучулдар кызматынын суучулдары тынымсыз эмгектенди.

Канчалаган тонна таштанды чыгарып, торго түшкөн балыктарды, канаттууларды эркиндикке коё беришти. Анын акыбети бүгүн кайтып турат.

Көл дагы тазалыкты, сулуулукту жактырат. Өзгөчө балыкты тукум курут кылчу тордон арылткан соң кадимкидей жанданды. Балыктар көбөйүп биочөйрөсү жакшыра түштү.

Көл түбүндөгү сулуулукту бир гана суучулдар көрөт, ага күбө болот. Бул жолу тазалоо учурунда балыктар дүйнөсүн кыска тасмага түшүргөн Суучулдар кызматынын суучулу Искендер Рысалинов.

Суучулдун сулуулукту тартуулаган тасмасына күбө болуңуздар.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу