Жаңылыктар
29.08.2024 10:07
Кароолор: 218
ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ КУТКАРУУЧУЛАР ӨЗДӨРҮНҮН ТУРУКТУУ ОРУНДАРЫНА УЗАДЫ
Кечээ, 28-августта Ысык-Көл районунун Садыр-Аке айыл аймагынын селден жабыркаган айылдарда кол күчү менен аткарылчу жумуштары азайгандыктан, ӨКМдин Чүй жана Нарын облустарынын куткаруучулары өздөрүнүн туруктуу ордуларына жөнөтүлдү.
Ал эми 27-август күнү ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун (КДМБ) куткаруучуларды туруктуу ордуна узатылган.
Куткаруучуларды узатууда ӨК министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов министр, генерал-майор Бообек Ажикеевдин Куткаруучуларга болгон ыраазычылык сөзүн жеткирип, ӨКМдин өздүк курамына жүктөлгөн милдеттер так аткарылып, сел кесепеттерин жоюуда куткаруучулардын салымы зор экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле жергиликтүү тургундар, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын атынан акимдин орун басары Нургазы Эсенгелди уулу, Садыр-Аке айыл аймагынын башчысы Нурдин Молдакматов терең ыраазычылыктарын билдиришти. Айылдык кеңештин төрагасы Олжобек Деркембаев куткаруучуларга ден-соолук, иштерине ийгилик тилеп ак батасын берди.
Эске салсак, ушул жылдын 18-сентябрында катталган сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу максатында 19-августта ӨКМдин Чүй, Нарын облустарынан, КДМБдан жалпы 160 куткаруучу тартылган.
Мындан ары селдин кесепеттерин жоюу, тазалоо иштери инженердик техникалар, нөөмөттө турган куткаруучулар тарабынан улантылмакчы.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР