Жаңылыктар

24.03.2025 12:32

   Кароолор: 209

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 12:17де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган (энергетикалык класс К=8,4).

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жыргалаң айылында 2,5 баллга _(Жыргалаң айылынан 20 чакырым чыгышка, Кызыл-Жар айылынан 22 чакырым түшүк-чыгышка, Каракол шаарынан 72 чакырым түндүк-чыгышка)_ чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу