Жаңылыктар
11.01.2025 09:03
Кароолор: 320
ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык 10-январь күнү саат 23:48де Кытай Эл Республикасынын аймагында очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел айылында 2,5 баллга (Бедел айылынан 53 чакырым түштүк чыгышта, “Кумтөр” ишканасынан 95 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 130 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР