Жаңылыктар
17.10.2024 11:49
Кароолор: 217
ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ
ЫСЫК-КӨЛ ЖЕР ТИТИРЕДИ
Сейсмология институтунун берген маалыматына ылайык, бүгүн таңкы саат 04:23тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5,1 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Бедел, Ыштык айылдарында 4 балл, Кумтөр ишканасында 3 балл Каракол шаарында 2.5 балл (Бедел айылынан 138 чакырым түштүк чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР