Жаңылыктар

26.02.2024 10:29

   Кароолор: 424

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Өткөн аптада Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Далиев жана ӨКМ башкармалыгынын башчысы, полковник М.Карабаев облустук, райондук жана шаардык жарандык коргонуу тутумдары менен жыйын өткөрүлдү. Анда 2023-жыл ичиндеги облус аймагындагы өзгөчө кырдаалдар жана анын кесепеттерин жоюу иштери талкууланды.

Өткөн жылы облус аймагында 2 өзгөчө кырдаал катталып, 15 миллион сомго жакын материалдык чыгым катталган. 34 объектиде коргоо жана калыбына келтирүү 96,5 млн сомго аткарылып, натыйжада 765 үй жана башка курулуштар, имараттар корголгон. Жарандык коргонуу тутумунун даярдыгын жогорулатуу үчүн 93 машыгуу өткөрүлгөн. 11573 адам "Өзгөчө кырдаалдар учурунда иш аракеттер" жөнүндө сабактарга катышкан. Ал эми 220 адам ӨКМге караштуу Жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун окутуучулары онлайн форматта окутушкан..

Ошондой эле ӨКМдин куткаруучулары өздөрүнүн кесиптик билимин жогорулатуу максатында 2 ири эл аралык машыгууга катышкан. Жыл ичинде 484 ар кандай куткаруу иштерине чыгып, 13 адамды жана өрт кырсыгынан 15 адамдын өмүрү сакталган.

Отурумдун жыйынтыгында облустук ЖК кызматтарынын эффективдүү иш алып баруусун жогорулатуу жана өзгөчө кырдаалдарда бардык күч-каражаттарды тартуу боюнча тапшырмалар коюлуп, 2024-жылга карата пландар бекитилди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу