Жаңылыктар

30.03.2024 15:59

   Кароолор: 720

ЫСЫК-КӨЛДӨ СУУЧУЛДАР СУУ АЛДЫНДА ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮШТҮ

Бүгүн, 30-мартта ӨКМдин Ысык-Көлдөгү Суучулдар кызматынын суучулдары "Улуттук тазалык күнүнө" карата суу алдында ишембилик өткөрүштү.

Белгилей кетсек, тазалык күнүндө өлкөнүн бардык жарандары айлана-чөйрөнү иретке келтирип, таштандылардан тазалоодо. Бул иш-чара суучулдарды да камтып, алар Ысык-Көлдүн жээгин жана түбүн желимден жасалып , чирибей турган таштандылардан тазалап жатышат.

Суучулдар суу алдынан көбүнчө желим пакеттерди, бөтөлкөлөрдү жана ар кандай суусундуктардын идиштерин көп кездештиришет. Ошондой эле браконьерлердин балык уулочу торлору андан чыга албай өлгөн балыктар да арбын.Бүгүнкү күндө көптөгөн жылдар бою суу алдында жаткан таштандылар менен балык уулоочу торлору Ысык-Көлдүн флорасы жана фаунасына чоң зыян келтирүүдө.

Андыктан мындай тазалоо иштерин байма-бай жүргүзүп турабыз дешет ӨКМдин Суучулдар кызматынын суучулдары.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу