Жаңылыктар
05.07.2025 16:36
Кароолор: 276
ЫСЫК-КӨЛДӨ СУУ КООПСУЗДУГУН ЭСКЕРТҮҮ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ УЛАНУУДА
Туристтик жайкы сезондо коопсуз эс алуу менен бирге эс алуучулар үчүн жагымдуу шарт түзүү маанилүү. Өзгөчө өлкөнүн туристтик борбору болгон Ысык-Көлдө чет мамлекеттен келгендер үчүн жана аймактагы коопсуздук биринчи орунда.
Учурда облуста көл жээктеринде ӨКМдин кызматкерлери суу коопсуздук эрежелерин эскертүүнү күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Министрликтин Ысык-Көл облусу
боюнча башкармалыгынын Ак-Суу, Түп, Жети-Өгүз, Тоң, Ысык-Көл жана Каракол, Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрү жигердүү иш алып барышууда.
Белгилей кетсек, ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев суу объекттилеринде айрыкча көлмө жана агын суулардагы коопсуздук эрежелерин сактоого чакырган үгүт иштерин жигердүү жүргүзүү тапшырмасын коюп, жеке көзөмөлүнө алууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР