Жаңылыктар

24.03.2025 23:01

   Кароолор: 295

ЫСЫК-КӨЛДӨ СУУ КАПТАГАН АЙМАКТАРДА ЫКЧАМ АРАКЕТТЕР КӨРҮЛҮҮДӨ

Ысык-Көл облусунун Түп районунда абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу карлар ээрип, К.Карасаев айыл аймагынын Токтоян айылында “Калмак арык” каналынан суулар ашып, турак үйлөрдүн короолорун суу каптаган.

Жерине Түп райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 3 офицер тартылды. Кошумча маалымат берилет.

Ошондой эле Түп районундагы Казакстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын чектешкен жеринде абанын температурасынын жогорулашы менен жайык жердеги карлар ээрип, "Каркыра" көзөмөл пунктун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жеринде Түп районунун администрациясы жана “Чайна-Роуд” жол тейлөө ишканасынын техникалары тиешелүү иш-чараны жүргүзүшүүдө. Ал эми ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысы жетектеген ыкчам топ, айыл аймактан жүктөгүч тартылды.

КР ӨКМ РЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу