Жаңылыктар
12.08.2024 10:39
Кароолор: 178
ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУГА 40 КУТКАРУУЧУ ТАРТЫЛДЫ
11-августта алдын ала маалымат боюнча, Ысык-Көл районунун аймагында катталган селдин кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз –Булак тилкесинде 4 турак үйдү .Ал эми Бактуу-Долоноту айылындагы Бактуу-Долоноту суусунун деңгээли көтөрүлүп, нугунан чыгып, натыйжада 9 турак үйдү сел суулары каптаган.
Ошондой эле Булан-Соготу айылында 1, ал эми
Бостери айылында 3 турак үйгө суулар кирип, “Кооператив строитель” Бостери дачасына бара турган жолдогу ички чарбалык жолду жана көпүрөнү суу агызып кеткен.
Жалпысынан болжол менен 16 турак үйдү суу каптап , 1 ички чарбалык көпүрөнү агызган. Жеринде ӨКМден 27 куткаруучу жана шаардык Жарандык коргонуу кызматынын күч-каражаттары жеринде иштөөдө жана тактоо иштерин жүргүзүүдө.
Таңкы саат 04:20га карата селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүгө Ысык-Көл райондук №31жана №35 ӨКБдан жалпы 29 куткаруучу, 2 мотопомпа, ƟКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 4 офицер, Балыкчы шаардык №19 ƟКБдан 7 куткаруучу, мотопомпалар тартылган.
Жалпысынан 40 куткаруучу, 3 мотопомпа жеринде иштеп жатат.. Ысык-Көл районунун Жарандык коргоонуу кызматтарынан жалпы 60 адам, Чолпон-Ата шаарыдк мэрия тарабынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч, Суу чарба башкармалыгынан 1 экскаватор, 1 жүктөгүч такзалоо иштерин жүргүзүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР