Жаңылыктар
12.08.2024 16:16
Кароолор: 756
ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕЛДИН КЕСЕПЕТТЕРИН ЖОЮУ ЫКЧАМ ЖҮРҮП, 41 ҮЙ ТАЗАЛАНДЫ
Саат 14:50гө карата Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жана Бактуу-Долонотуу айылында сел суусу аралап өткөн жалпы 60 турак үйдүн 41и тазаланды. Учурда суу кирген турак үйлөрдү тактоо иши уланууда.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине ƟКМден 88 куткаруучу, 3 мотопомпа, №20636 Аскер бөлүгүнөн 20 аскер кызматкер, Ысык-Көл районунун Жарандык коргонуу кызматтарынан 40 кызматкер, 9 инженердик техника тартылган.
Учурда тартылган күч каражаттардын жардамында электр жарыгы калыбына келтирилип, жалпы 41 турак үйдүн короо жайлары тазаланды.
Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР