Жаңылыктар

29.04.2024 15:12

   Кароолор: 261

ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕЛДЕН КОРГООЧУ ДАМБАЛАРДЫН АБАЛЫНА КӨЗӨМӨЛ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Бүгүн 29-апрелде ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкө аймагында селдин алдын алуу, кыян жүрүүчү тилкелерди көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алсак, министрдин орун басары Эделбек Кулматов жаз-жай мезгилдеринде сел суулардан коргоочу объектилерин жана өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана авариялык-калыбына келтирүү иш-чараларына көзөмөл жүргүзүү максатында Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келди.

Алгач Тоң районунун Оттук, Кара-Шаар айылдарындагы сел сууларын тосуучу дамбалардын абалы менен таанышып,

ӨКМдин Мониторинг департаментинин, облустук сел жана суу ташкындарынан коргоо кызматынын адистери тарабынан аталган айыл аймактардын жерлерине баа берилип, жергиликтүү тургундар менен жолугушу өткөрүлүп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш сапардын алкагында облус аймагындагы авариялык калыбына келтирүү иш мерчемдерине киргизүүгө белгиленген обьектилер каралып, Мониторинг департаменти тарабынан изилденет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу