Жаңылыктар

12.08.2024 13:34

   Кароолор: 231

ЫСЫК-КӨЛДӨ СЕЛ СУУСУ КИРГЕН 25 ТУРАК ҮЙ ТАЗАЛАНДЫ

11-август күнү саат 10:20 чамасында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Тогуз-Булак сел өтүүчү каналдан суу ашып, жээгинде жайгашкан 3 турак үйдү, Бактуу-Долонотуу айылындагы Жүдөмүш сел өтүүчү каналдан жана Бактуу-Долонотуу дарыясынын суусунун көлөмү көтөрүлүп, айылдагы 60ка жакын турак үйгө суу кирген. Жалпы 4 унааны суу агызган. 2 ички көпүрө жараксыз абалга келген.

Мындан сырткары аталган айылдагы 20 конок үйдүн короосун суу каптаган.

Учурда ӨКМдин куткаруучулары тарабынан 25 турак жай тазаланып бүттү.

Жеринде селдин кесепеттерин жоюуга министрликтин 82 куткаруучусу, 3 мотопомпа, Жарандык коргонуу кызматтары 40 жумушчу жана 9 техника тартылган.

Аймактарды электр жарыгы калыбына келтирилген. Ал эми Бактуу-Долонотуу айылында таза сууну калыбына келтирүү жумушу жүрүүдө.

Селдин кесепетинен адам өмүрүнө кооптуулук жаралган эмес.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу