Жаңылыктар

07.09.2023 10:24

   Кароолор: 463067

Ысык-Көлдө өтүп жаткан машыгууга Жалал-Абад облусу катышты

ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТҮП ЖАТКАН МАШЫГУУГА ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ КАТЫШТЫ

 

Республика аймагында өтүп жаткан командалык-штабдык машыгууга Жалал-Абад облустук жарандык коргоо кызматтары көрсөтүлгөн талаптарга ылайык тиешелүү практикалык жумуштарды алып барышууда.

Машыгууда Сузак, Базар-Коргон, Тогуз-Торо райондорунда жана Майлуу-Суу шаарында практикалык иш-чаралар мерчемделип, кооптуу деп аталган аймактарда алдын алуу үчүн ЖК кызматтарынын күч каражаттары тартылып, тиешелүү жумуштар жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР