Жаңылыктар
08.09.2023 17:53
Кароолор: 394
Ысык-Көлдө өткөн республикалык машыгуу жыйынтыкталды
Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6-сентябрдан бери Ысык-Көлдө өтүп жаткан республикалык масштабтагы командалык-штабдык машыгуу жыйынтыкталды.
Машыгууда облустагы жарандык коргонуу кызматтарынын өзгөчө кырдаалдарга даярдыгы, түзүлгөн кырдаалды башкара билүүсү, анализдөө жана ар бир кызматтын аткара турган ишинин конкреттүү иш пландары текшерилди. Ошондой эле райондордогу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын, кырсыктардын кесепеттерин жоюудагы материалдык, техникалык күч каражаттары, мүмкүнчүлүктөрү дыкаттык менен бааланды.
Калктын өмүрүн сактоого, аймактарды жана материалдык баалуулуктарды коргоого, чыгымдарды азайтууга багытталган машыгуу Ысык-Көл облусунун 5 районун, шаарды жана Кумтөр ишканасын камтып, республика боюнча башка облустар да катышуу менен облус аймагындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга бирдиктүү даярдык көрүү менен өттү.
Командалык штабдык машыгуунун соңку күнүндө сценарийдин негизинде жалпы 9 машыгуу тилкесинде орун алган кырсыктын кесепеттерин жоюу практика жүзүндө көрсөтүлдү. Келип чыккан өзгөчө кырдаалды башкарууда башкы штаб, Жарандык коргонуу кызматтарынын чатырлары тигилген лагер курулду. Лагерде эвакуацияланган жарандарды кабыл алуу, медициналык жардам көрсөтүү, биринчи керектелүүчү буюмдар менен камсыздоо ж.б. негизи иш аракеттер уюштурулуп өткөрүлдү.
Ысык-Көл облусунда 6-8-сентябрь күндөрү өткөн командалык штабдык машыгуу ийгиликтүү аяктап, ошол эле маалда айрым ЖКнын кемчиликтерин 1 ай ичинде жөнгө салуу тапшырмасы берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР