Жаңылыктар

19.02.2025 15:02

   Кароолор: 279

ЫСЫК-КӨЛДӨ ОБЛУСТУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУНУН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бүгүн, 19-февраль күнү Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун төрагалыгы астында Жарандык коргонуунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга карата тапшырмалар боюнча жыйын өттү.

Ага ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчлиги, Жарандык коргонуу кызматтарынын башчылары, аким, мэрлер катышып, 2024-жыл ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүү, кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана жарандык коргонуунун күчтөрүнүн, каражаттарын даярдыкта кармоо боюнча аткарылган иш-чаралар тууралуу баяндамалар окулду.

Башкармалыктын башчысынын орун басары подполковник Т. Мурашов өз баяндамасында жыл ичинде Жарандык коргонуу жаатында жалпысынан 93 иш-чара өткөрүлүп, ал эми Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытында 10 обьекти бекитилгендигин белгиледи. Ошондой эле Айыл аймактарга караштуу айылдардын ичиндеги ички иригациялык арыктарды тазалоо жана облус аймагындагы ири соода түйүндөрдө (базарларда) өрт өчүрүүчү авто унаалардын тоскоолдуксуз өтүүсүнө шарттар түзүү боюнча сунушун берди.

Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлү, Жарандык коргонуунун органдарынын ишмердүүлүгүн жогору баалагандыгын билдирип, 2025-жылга карата белгиленген милдеттердин ийгиликтүү аткарылышына ишенимин билдирди. Ошондой эле өткөн жыл ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алууда жана кесепеттерин жоюуда өз милдеттерин так аткарган кызматкерлерге, Жарандык коргонуу кызматтарына сыйлыктар тапшырылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу