Жаңылыктар

06.09.2023 14:47

   Кароолор: 297

Ысык-Көлдө масштабдуу командалык штабдык машыгуу башталды

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусунда Командалык штабдык машыгуусун баштады. Бул иш-чара "Табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар коркунучу жаралганда жана катталганда Жарандык коргонуунун

мамлекеттик тутумунун аймактык, тармактык тутумчаларынын башкаруу органдарынын күч жана каражаттарынын аракеттери" деген аталышта өтүүдө.

Машыгуунун сценарийинин негизинде аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, төмөндөшү облустун аймагында үшүк жүрүү, сел каптоо, кар, жер көчкүнүн жүрүшү жана техногендик мүнөздөгү кырсыктарга алып келүү коркунучу жаралып, бул учурда облустун аймагындагы Жарандык коргонуу кызматтары абалды ыкчам жөнгө салып, башкара билүүсү, кырсыктын кесепеттерин жоюу, мүмкүн болуучу башка коркунучтардын алдын алуу жана күч каражаттарынын абалы бааланат.

Анын алкагында таң эрте " Айгай" жарыяланып, Ысык-Көл облустук мамлекеттик администрациясында Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Мамбетов, Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов башында турган ЖКнын башчылары жыйынга чогулушту. Ошол эле маалда облустун райондорунда ЖК кызматтарынын күч-каражаттары даярдыкка келтирилди.

6-8-сентярбрга чейин өтүүчү командалык штабдык машыгуу облустун 5 районун камтып, Жарандык коргонуунун башкаруу органдарына тиешелүү тапшырмалар коюлат. Бул тапшырмаларга ылайык ЖК тутумунун иш-аракеттеринин өз убагында жана белгиленген тартипте аткарылышы, ошондой эле машыгуунун жүрүшүндөгү практикалык иш-чараларынын өтүшү бааланат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу