Жаңылыктар
30.11.2024 11:59
Кароолор: 166
ЫСЫК-КӨЛДӨ МАМЛЕКЕТТИК МАТЕРИАЛДЫК РЕЗЕРВДЕР ФОНДУНУН ТЕГИРМЕНИ ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
Бүгүн, 30-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында ӨК министринин орун басары, генерал-майор Урматбек Шамыркановдун жана облус жетекчилиги, ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын курамынын катышуусунда Мамлекеттик резервдик фондго караштуу тегирмендин салтанаттуу ачылышы өттү.
Аталган фондго караштуу тегирмендин кубаттуулугу 60 тоннаны түзүп, Ысык-Көл, Нарын облустарынын калкын 1- 2-сорттогу унга муктаждыгын, ал эми түндүк – түштүк альтернативдик жолу ачылганда Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарынын калкынын муктаждыгын да камсыздай алат.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Түп райондорунун жергиликтүү айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн азык-түлүк буудай данын кабыл алууну жүзөгө ашырып, мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөөдө.
Келечекте бул тегирмендин аймагына кампаларды куруу каралууда жана азык-түлүк буудай данын жана социалдык маанилүү тамак-аш азыктарын сактоого мүмкүндүк болору күтүлүүдө.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин буйругунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан ун тартуучу комбинат жана аянты 5 105 чарчы метрди түзгөн жер тилкесин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун башкаруусуна кабыл алган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР