Жаңылыктар

02.04.2024 16:39

   Кароолор: 411

ЫСЫК-КӨЛДӨ КЫРСЫКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА МАШЫГУУЛАР ЖҮРҮҮДӨ

Учурда ӨКМдин Ысык-көл облусу боюнча башкармалыгынын Каракол шаардык №15, Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамы, өзгөчө кырдаалдарда ыкчам аракеттерди көрүү жана кесиптик билимин жогорулатуу максатында, атайы кубаттуу суу сордуруучу мотопомпаларды колдонуу боюнча машыгууларды жүргүзүүдө.

Машыгууда суу ташкындарынын алдын алуу, кесепеттерин жоюу ыкмалары жана анда инженердик күч каражаттарын колдонууну өздүк курам менен иштеп чыгып, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын жана кесиптик билим деңгээлин жогорулатууда.

Ошондой эле облустук Жарандык коргонуу кызматтары менен ар кандай табигый-техногендик кырсыктардын алдын алуу жана ыкчам аракет көрүү боюнча тыгыз иш алып барууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу