Жаңылыктар

25.03.2025 01:24

   Кароолор: 469

ЫСЫК-КӨЛДӨ КУТКАРУУЧУЛАР КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ ИШ АЛЫП БАРУУДА

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда алдын ала маалымат боюнча, абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу, карлар эрип, саат 23:05 чамасында Хан-Тенгри айыл аймагынын Советское айылында каналдан суулар ашып, турак үйдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынан, Ак-Суу райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ, суунун нугун буруу иштерине 2 даана жергиликтүү бийликтин техникасы тартылды.

Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу