Жаңылыктар

04.10.2024 12:51

   Кароолор: 882

ЫСЫК-КӨЛДӨ КОМПЛЕКСТҮҮ РАЙОНДУК МАШЫГУУ ӨТТҮ

Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө карата жарыяланган айлыктын алкагында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жарандык коргонуу кызматтарынын комплекстүү машыгуусу өттү.

Анда биринчи окуу чекитинде суу чарба башкармалыгы, РИИБдин кызматкерлеринин коштоосунда сел суулары каналга батпай ташып жаткан тилкеге оор каз тамандуу экскаватор тартылып, сел коркунучу жоюлду.

Экинчи машыгуу тилкеде өрт кырсыгы катталган учурда алгачкы иш-аракеттер жана жабыркагандарга алгачкы жардам көрсөтүү боюнча машыгуу жүрдү.

Ал эми үчүнчү бөлүгүндө санитардык- эпидемиологиялык кызматтын жугуштуу оорулардын алдын алуу жана катталган учурда күрөшүү иш-чаралары аткарылды.

Машыгуунун жыйынтыгында кызматтардын жыйыны өтүп, жалпы баа коюлду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу