Жаңылыктар
13.10.2026 09:05
Кароолор: 36
ЫСЫК-КӨЛДӨ КЕҢЕЙТИЛГЕН ГИДРОХИМИЯЛЫК МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызматы (Кыргызгидромет) тарабынан Ысык-Көлдүн суусунун сапатын баалоо максатында жыл сайын кеңейтилген гидрохимиялык мониторинг жүргүзүлөт.
Мониторинг туристтик сезонго чейин жана андан кийин, жылына эки жолу өткөрүлөт. Изилдөөлөрдүн алкагында адистер көлдүн атайын белгиленген 17 көзөмөл пунктунда суу үлгүлөрүн алышат. 2026-жылы жалпы 70 суу үлгүсү алынган.
Талаа изилдөөлөрү бир нече күн бою «Мөлтүр» илимий-изилдөө кемесинин бортунда жүргүзүлөт. Суунун айрым көрсөткүчтөрү кемеде жана мобилдик гидрохимия лабораториясында аныкталса, калган анализдерди жүргүзүү үчүн үлгүлөр Бишкек шаарындагы лабораторияга жеткирилет.
Кеңейтилген гидрохимиялык мониторинг суунун физико-химиялык курамын жана негизги сапаттык көрсөткүчтөрүн аныктоого, өзгөрүү динамикасын туруктуу байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Алынган маалыматтар Ысык-Көлдүн абалын баалоодо жана анын жаратылыш ресурстарын коргоодо маанилүү роль ойнойт.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ