Жаңылыктар
05.04.2025 19:12
Кароолор: 462
ЫСЫК-КӨЛДӨ КАТУУ ШАМАЛ КАТТАЛУУДА
Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык, бүгүн, 5-апрель саат 18:50гө карата Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 20-24 метрге жеткен шамал катталууда.
ӨКМ жарандарды, айдоочуларды сак болууга жана жаш балдарды кароосуз көчөгө чыгаруудан карманууга чакырат. Бак-барактардын, турак жай, мекемелердин чатырынан алыс болуу жана башка сатык чараларын эске алууну эскертебиз!
Кандайдыр бир кырсыкка кабылып же күбө болсоңуз "112" биримдиктүү кызматына чалыңыз!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР