Жаңылыктар
26.01.2024 15:47
Кароолор: 479
ЫСЫК-КӨЛДӨ ИЗДЕЛИП ЖАТКАН ЖАРАН АМАН-ЭСЕН ТАБЫЛДЫ
2024-жылдын 26-январга караган түнү, саат 01:00 чамасында издөөдө жүргөн 2001-жылы туулган Т. Э. аттуу жаран Бишкек шаарынан Булан-Сөгөттү айылана бара жаткан жеринен РИИБдин кызматкерлери тарабынан аман- эсен табылды.
Маалым болгондой 24-январь күнү Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан пансионаттардын биринин жээгинде аталган жаранга таандык паспорт, кийимдери, сумкасы табылып, ӨКМдин суучулдары тарабынан көлдүн ичинде жана 21 куткаруучу, ИИМдин 19 кызматкери, Кумбел айыл өкмөтүнөн 5 адамдан турган топ көл жээгиндеги эс алуу үйлөрүнөн, менчик турак жайлардын ээлеринен сурамжылоо менен издөө иштерин жүргүзүшкөн.
Иллюстрациялык сүрөт колдонулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР