Жаңылыктар
14.05.2025 12:45
Кароолор: 208
ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛУУЧУ ЖАЙЛАРДЫН ЖЭЭКТЕРИН ТАЗАЛОО ЖУМУШТАРЫ КҮЧӨТҮЛДҮ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдар кызматынын суучулдары Ысык-Көл акваториясын тазалоо иштерин улантууда. 2025-жылдын 15-апрелинен бүгүнкү күнгө карата 3 353,42 гектар аянттан 2672 кг таштанды, 2700 метр тор чыгарылган.
Жайкы туристтик мезгил активдүү баштала электе эс алуучу жайлардын алдындагы көл жээктерин таштандылардан арылтуу жумуштары күчөтүлүүдө. Өзгөчө Чолпон-Атада шаарындагы көл жээктерине көңүл бурулуп жатат. Муну менен катар балык улоочу синтетикалык торлорду алып чыгуу иш аракеттери колго алынган. Кечээ, 13-майдан 14нө караган түнү 12 тор чыгарылды.
Белгилей кетсек, Ысык-Көлдө балыктар урук чачып жаткан мезгилине карабай, браконьерлер чабуулун токтотпой келишет.
Андыктан ӨКМдин суучулдары жарандарды балык уулоодон алыс болуп, көлүбүзгө аяр мамиле кылууга, таза сактоого чакырат. Туристтик мезгилде сыймыктануучу негизги ресурстарыбыздын бири Ысык-Көл экенин эстен чыгарбайлы!
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР