Жаңылыктар

20.08.2024 21:06

   Кароолор: 418

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭКИ КҮНДӨ 159 ҮЙ СЕЛ КАЛДЫГЫНАН ТАЗАЛАНДЫ

Ысык-Көл районунда селдин кесепетин жоюу боюнча саат 23:00гө карата маалымат.

20-август күнү селдин кесепеттерин жоюуда жалпы 1058 адам иштеп, 85 атайын техника тартылган. Анын ичинен ӨКМден 395 куткаруучу, 7 инженердик техника, 8 мотопомпа, ал эми Жарандык коргонуу кызматтарынан 336 кызматкер жана 47 инженердик техника 4 ассенизатор иштетилди.

Ошондой эле Садыр-Аке айыл аймагынан 300 ыктыярчы, "Чайна-Роуд' ишканасынан 27 инженердик техника, 27 айдоочусу тартылып, тазалоо иш-чараларын жүргүзүшкөн. Атап айтсак, жалпы 99 үй тазаланган, куткаруучулар 42, ЖК кызматтары 57 үй тазалашты.

Жалпы 2 күндүн ичинде 159 үй сел калдыктарынан тазаланган. Кеч киргендигине байланыштуу 21-август күнү улантылат.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу