Жаңылыктар

30.04.2024 11:39

   Кароолор: 54

ЫСЫК-КӨЛДӨ АВАРИЯЛЫК КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ, СЕЛДЕН КОРГООЧУ КУРУЛМАЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында, сел сууларынан коргоочу бир катар курулмалардын курулушу менен таанышты.

Ал Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорун кыдырып авариялык калыбына-келтирүү жана атайын алдын алуу жана кырдаалдын кесепеттерин жоюу иш мерчеминин алкагында курулуучу объектилерди көрүп чыкты.

Андан соң Түп районунун Каркыра айыл аймагындагы ӨКМдин Капиталдык курулуш департаменти тарабынан курулуп жаткан селден кор-гоочу каналдардын абалынан кабар алып, тиешелүү тапшырмаларын берди.

Ошондой эле Чолпон-Ата шаарынын Чаар-Кудук коктусунан агып келчү сел сууларын тосуучу жана сел өткөрүүчү каналынын жаз-жай мезгилине даярдыгы жана Суучулдар кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында алынган суу алдына түшүүчү жаңы шаймандардын, суучулдардын күжүрмөн жана кесиптик даярдыгы менен таанышты. Эделбек Кулматов алдыдагы жайкы мезгилде адам өмүрүн сактоого жана куткаруу иштерине күжүрмөн даярдыкта туруу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, ӨК министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен өлкө аймагындагы кооптуу аймактардан кабар алуу, селдин алдын алуу бекемдөө иштери текшерилүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу