Жаңылыктар

23.06.2023 13:56

   Кароолор: 699

Ысык-Көлдө адистер өрт коопсуздук эрежелерин сактоону байма-бай түшүндүрүшүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын райондук жана шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн адистери башка тармактын кызматкерлеринин катышуусу менен өрт коопсуздугун сактоо иш-чараларын байма-бай өткөрүп жатышат. 

Алар бала-бакчаларда, тигүү цехтеринде, базарларда, дүкөндөрдө жана башка мекемелерде коопсуздук эрежелерин сактоону түшүндүрүшүүдө. 

Өзгөчө жай мезгили өрттүн чыгышына түздөн-түз жол ачарын түшүндүргөн адистер айлана-чөйрөдөгү кургак чөптөр да ири кырсыкка алып келерин айтып беришти. Андыктан өрт коопсуздугунун алдын алуу максатында, күчөтүлгөн тартипте калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. 

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу