Жаңылыктар

27.04.2025 12:17

   Кароолор: 419

ЫСЫК-КӨЛДӨ “9-МАЙ УЛУУ АТА МЕКЕНДИК ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫНА” АРНАЛГАН СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кечээ, 25-апрель күнү Чолпон-Ата шаарында ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жана ага караштуу шаардык, райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн жана ӨКМдин Тоо кырсыктарынан куткаруу кызматынын 7- өзүнчө мобилдештирилген куткаруу взводунун куткаруучулары менен биргеликте өздүк курамдын физикалык даярдыгын жана "9-май Улуу Ата Мекендик жеңиштин 80 жылдыгына" арналган спорттук иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын ачылышы салтанаттуу саптык тизилүү менен башталып, жалпы 9 команда катышкан кичи футбол, волейбол жана аркан тартыш боюнча боюнча таймаш өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды.

Жеңүүчү болуп кичи футбол боюнча 1-орунду ӨКМдин Ысык-Көл району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн(ӨКБ),

Волейбол боюнча Тоң району боюнча ӨКБ

ал эми аркан тартыштан Балыкчы шаары боюнча ӨКБнын өздүк курамдары жеңишке жетишип, жеңүүчүлөр кубок, медалдар жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу