Жаңылыктар

18.12.2024 23:58

   Кароолор: 270

ЫСЫК-КӨЛДӨ 4 БАЛЛ ЖЕР ТИТИРӨӨ КАТТАЛДЫ

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык бүгүн, 18-декабрда саат 20:46да Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кең-Суу, Эчкили-Таш айылдарында 3,5 баллга (Эчкили-Таш айылынан 10 чакырым түштүк чыгышка, Кең-Суу айылынан 17 чакырым түштүк чыгышка, Каракол шаарынан 90 чакырым түштүк чыгышка) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу