Жаңылыктар
19.11.2023 10:15
Кароолор: 357
ЫСЫК-КӨЛ: ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛУУДА
Учурда ӨКМдин 2023-жылга карата негизги иш-чаралар планынын негизинде Жарандык коргонуунун башчысы, полковник А.Асанов баштаган атайы комиссиянын мүчөлөрү окуу мезгилинин жыйынтыгы боюнча аскер кызматкерлеринин күжүрмөн жана атайын даярдык абалдарын текшерүүдө.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, аскер кызматкерлери дене тарбиялык, саптык, күжүрмөн даярдык деңгээлин, жалпы аскердик уставдын талаптарынын аткарылыштары жана ыкчам даярдык боюнча өздөрүнүн жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алышты.
Ошондой эле атайы коммиссия тарабынан куткаруучулардын өрт өчүрүү жана куткаруу боюнча жөндөмдүүлүгүнө, ошондой эле жалпы өздүк курамдын жарандык коргонуу жаатындагы билимдерине чоң көңүл бурулду.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР