Жаңылыктар

30.10.2023 09:30

   Кароолор: 684

ЫСЫК-КӨЛ: ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДА ӨРТ-ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ

28-октябрда ӨКМдин Каракол шаардык Өгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн офицерлери тарабынан ар кандай табигый жана өрт кырсыгынын алдын алуу максатында Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Машыгуунун сценарийи боюнча мекеменин экинчи кабатынан өрт чыгып, студенттер менен мугалимдери коопсуз жайга эвакуацияланган. Куткаруучулар 2 өрт өчүрүүчү жана 1 авариялык куткаруу унаасынын жардамы менен, күйүп жаткан имараттан чыгалбай калган студенттер чыгарылып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Машыгуунун жыйынтыгында профилактикалык иштери жүргүзүлүп, жогорку окуу жайдын түзүмдөрүнүн кызматкерлерине жана студенттерине нускамалык сабак өтүлдү. Жалпы 1200 студент жана 68 мугалим катышып, РЭС, милиция жана тез жардам кызматтары тартылды.Машыгуунун жүрүшүнө облустук башкармалыктын офицерлери катышып, иш-чараны көзөмөлгө алышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу