Жаңылыктар

19.07.2024 20:08

   Кароолор: 582

ЫСЫК-КӨЛ: ЖЕТИ-ӨГҮЗДӨГҮ “АЗАМАТ” ПЛЯЖЫНДА СУУ КООПСУЗДУГУН САКТООНУ ТҮШҮНДҮРҮШТҮ

Кечээ ӨКМдин Жети-Өгүз району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери жайкы туристик мезгилде коопсуздук эрежелерин жеткизүү максатында Жаргылчак айыл аймагындагы “Азамат” пляжында суу өрт коопсуздугу эрежелерин нускамалоо иштерин өттү.

Анда Жарандык коргонуу бөлүмүнүн офицерлери көл жээгинде эс алуучуларды тейлеп, ишкерчилик кылган боз үй ээлерине, жергиликтүү башкаруу органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №466 токтомунда көрсөтүлгөн суудагы коопсуздук эрежелерин сактоону эскертишти.

Куткаруучулар аталган кум жээгинде коопсуздук көрнөк-жарнагы менен камсыздоону карап, эс алуучуларга атайы буклеттерди таркатышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу