Жаңылыктар

12.04.2025 21:30

   Кароолор: 356

ЫСЫК-КӨЛ: ЖЕТИ-ӨГҮЗ СУУСУНУН ЖЭЭГИНЕ 3200 КӨЧӨТ ОТУРГУЗУЛДУ

Бүгүн, 12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен жүрүп жаткан "Жашыл мурас" программасынын алкагында Жети-Өгүз районунун Аң-Өстөн жана Чырак айылдарынын ортосунан өтүүчү Жети-Өгүз суусунун жээктерин эрозиядан сактоо максатында көк теректин көчөттөрү отургузулду.

3200 даана көк теректин көчөттөрү ӨКМ тарабынан алынып, 3,2 га аянтка Аң-Өстөн айылынын тургундары тарабынан отургузулду. Жалпысынан бул ишембиликке 500 адам катышып, келечекте чарба аянттары жана жайыт жерлери корголоруна ишеним айтышты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу