Жаңылыктар
28.08.2023 16:22
Кароолор: 913
Ысык-Көл: Жер титирөөнүн күчү 3,5 баллга жетти
Өлкөнүн Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 28-августта саат 15:37де Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР