Жаңылыктар
20.02.2025 15:40
Кароолор: 250
ЫСЫК-КӨЛ: ЖАШ ӨСПҮРҮМДӨРГӨ СУУ КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА САБАКТАР ӨТҮЛҮҮДӨ
ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнүн адистери билим берүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте "Жаш өспүрүмдөрдүн суудагы коопсуз жүрүм-туруму” аталышында эки сааттык семинар-сабактарды өтүүдө.
Билим берүү мекемелеринин окуучулары катышкан бул окууда ӨКМдин куткаруучулары сууга түшүү эрежелери тууралуу түшүндүрүп, коопсуздук жаралган учурда алгач көрүлө турган жардам тууралуу теориялык көндүмдөрдү көрсөтүштү.
Алсак, ӨКМдин Балыкчы шаары жана Ак-Суу району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Мындай семинардык сабактар жалпы облуста каралып, окуу мезгили аяктаганча уланат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР