Жаңылыктар
28.09.2023 14:53
Кароолор: 516
Ысык-Көл: “Жаш куткаруучу “ сынагынын жеңүүчүсү аныкталды
27-сентябрда ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын куткаруучулары "5-октябрь – өлкөдө кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө" карата облустагы жалпы орто мектептер арасында “Жаш куткаруучу” сынагы өткөрүлдү.
Сынакта райондук мелдештин жеңүүчүлөрү
үй тапшырмасы,алгачкы медициналык жардам, өрт эстафетасы жана команданын капитандарынын сынагы боюнча күч сынашты.
Мелдештин максаты – өсүп келе жаткан муунду патриоттук сезимдерге тарбиялоо, турмуш-тиричилик коопсуздук чараларына үйрөтүү жана куткаруучу кесиби менен тааныштыруу.
Жыйынтыгында жеңүүчүлөр жана активдүү катышуучулар сыйланды, сынактын жыйынтыгы менен республикалык таймашка катышуучу команда аныкталды
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР