Жаңылыктар

26.10.2023 11:22

   Кароолор: 692

ЫСЫК-КӨЛ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ

Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде ӨКМдин кызматкерлери тарабынан күз-кыш айларында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу менен бирге жылытуучу мезгилге сапаттуу даярдык көрүү максатында Ысык-Көл облусуна караштуу райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын абалы текшерилди.

Иш-чаранын алкагында аймактардагы медициналык, билим берүүчү, коммуналдык-техникалык мекемелердин жана жылытуучу ишканалардын электр энергиясы өчүп калганда жылуулук берүү, тиешелүү түйүндөрдүн жана инженердик коммуникациялардагы авариялык иш-чараларды жүргүзүү пландары каралды.

Ошондой эле табигый-техногендик өзгөчө кырдаалдар учурунда жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилип, жыйынтыгы чыгарылды.

ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу