Жаңылыктар
26.10.2023 09:40
Кароолор: 519
ЫСЫК-КӨЛ: ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН АБАЛЫ ТЕКШЕРИЛДИ
Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргонуу жөнүндө” Мыйзамынын негизинде ӨКМдин кызматкерлери тарабынан күз-кыш айларында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу менен жылытуучу мезгилге сапаттуу даярдык көрүү максатында Ысык-Көл облусуна караштуу райондук жана шаардык жарандык коргонуу кызматтарынын абалы текшерилди.
Иш-чаранын алкагында аймактардагы медициналык, билим берүүчү, коммуналдык-техникалык мекемелердин жана жылытуучу ишканалардын электр энергиясы өчүп калганда жылуулук берүү, тиешелүү түйүндөрдүн жана инженердик коммуникациялардагы авариялык иш-чараларды жүргүзүү пландары каралды.
Ошондой эле табигый-техногендик өзгөчө кырдаалдар учурунда жергиликтүү башкаруу органдарынын жана жарандык коргонуу кызматтарынын даярдыгы текшерилип, жыйынтыгы чыгарылды.
ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР